Кыргызстандык жаачы эл аралык мелдеште 2 медаль жеңип алды

Спорт 12 Февраль 2026 10:25
2.jpg
632159518_921283196911565_7821508592739427877_n.jpg
632450258_921282913578260_8754396226212800880_n.jpg
632457278_921283050244913_36826920751306446_n.jpg
632713570_921283130244905_4312911779880878603_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асел Шарбекова Open Masters Games эл аралык мелдешинде күмүш жана коло медаль жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүүдө.

Жаачы 30 жаштан жогорку категорияда күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 30+ жана 40+ жаш категориялары боюнча коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, 8-23-февраль күндөрү Абу-Даби шаарында өтүп жаткан Open Masters Games эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан эл аралык даражадагы спорт чебери Асел Шарбекова башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетовдун жетекчилиги алдында катышты.