Кыргызстандык каратечилер эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Спорт 18 Декабрь 2025 09:50
597864906_878499734523245_8544371398961694575_n.jpg
597864809_878499604523258_3083980867934277406_n.jpg
597932998_878499661189919_5341513672056648766_n.jpg
Алдыга
Артка
597864906_878499734523245_8544371398961694575_n.jpg
597864809_878499604523258_3083980867934277406_n.jpg
597932998_878499661189919_5341513672056648766_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек , 18.12.25. /Кабар/. Кыргызстандык каратечилер Turkish Open Karate мелдешинен 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште 35 мамлекеттен келген 1700гө жакын спортсмен күч сынашты. Ага Кыргызстандын атынан 11 каратечи катышып, 3 коло медалга ээ болду.

  • Раид Абожмей 8-9 жаштагылар арасында 30 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ);
  • Нуртилек Саидов 16-17 жаштагылар арасында 55 кг чейинки салмак категориясында (кумитэ);
  • Айдар Жолчиев, Тимур Жолчиев, Азиз Муратов жана Эмир Жалаловдон турган курама команда 16-17 жаштагылар арасында командалык беттеште коло медаль утту.

Мелдеш 12-14-декабрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өттү.