Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы дүйнө чемпионатында ийгиликтүү оюнун улантууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, алты курама команда катышкан мелдеш ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат.
22-январда өткөн төртүнчү турдун алкагында кыргызстандыктар Люксембургдун курама командасы менен беттешип, 5:2 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.
Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасы үчүн турнирде катары менен төртүнчү болуп, команда турнирдик таблицада лидерлигин сактап калды.
Дүйнө чемпионатынын акыркы турунда кыргызстандыктар Мексиканын курама командасына каршы ойнойт. Беттеш 24-январда өтөт.