Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Ислам Баялинов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Open Masters Games-2026 дүйнөлүк оюндарында алтын медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 7-февралда Абу-Даби шаарында старт алган.
Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Баялинов 73 кг салмак категориясында күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштады.
Мелдештин жүрүшүндө 40 жаштагы спортсмен Бразилия жана Казакстандык атаандаштарын катары менен төрт беттеште жеңип, жыйынтыгында алтын медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Ислам Баялинов Кыргызстандын чемпионатына катышып, күмүш медаль уткан.