Кыргызстандык биатлончу Азия чемпионатында байгелүү орунду ээледи

Спорт Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 09:40
750632475_1053250407048176_8444670472969598477_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Казакстандын Щучинск шаарында өтүп жаткан жайкы биатлон боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Артур Сапарбеков коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спортчу 7,5 чакырым аралыктагы спринт жарышында үчүнчү болуп келип, чемпионаттын коло байгесине ээ болду.

Мелдеш учурунда Артур Сапарбеков ок атуу тилкесинде эки ката кетиргенине карабастан, жогорку ылдамдык көрсөтүп, байгелүү орунду камсыздай алды.

Жайкы биатлон боюнча Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат.