Кыргызстандык белгилүү суучул Төрт-Гүл суу сактагычын жарым саатта сүзүп өттү

Спорт 17 Июнь 2026 10:25
1.jpg
722560512_1545879716905478_5241474424812972141_n.jpg
723084564_1545879876905462_4078181089457494841_n.jpg
724113657_1545879620238821_1935437395422543837_n.jpg
724419850_1545879790238804_7971644283930678028_n.jpg
724429698_1545879936905456_8045607906571165540_n.jpg
724559946_1545879820238801_8524117825020463955_n.jpg
724804669_1545884980238285_3644909983185422847_n.jpg
725165705_1545883673571749_2891133855600701482_n.jpg
725599035_1545886823571434_6439137808937942879_n.jpg
725756365_1545886840238099_7429614652491733837_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Кыргызстандык белгилүү суучул Владислав Шулико Баткенде кезектеги ийгилигин жаратты.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал Баткен районундагы 2 чакырымга созулган Төрт-Гүл суу сактагычын 30 мүнөттө сүзүп өттү.

Владислав Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү кызмат өкүлдөрү тартылды.

Аталган иш-чара 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган UIM F1H2O World Championship – Grand Prix of Kyrgyzstan – Issyk-Kul 2026 эл аралык спорттук иш-чарасын даңазалоо максатында уюштурулган.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июнунда Италиянын Сардиния аралында өткөн расмий салтанатта Кыргызстан дүйнө чемпионатынын эстафеталык желегин кабыл алып, UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этаптарынын бирин өз аймагында өткөрүү укугуна расмий түрдө ээ болгон.

Бүгүнкү күндө республикалык эстафета өлкөнүн бардык аймактарын камтып, Кыргызстандын туристтик потенциалын таанытуу, ошондой эле алдыдагы дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук мелдешке коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө.