Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык турнирде 7 медаль жеңди

Спорт 12 Январь 2026 10:55
614678938_896570236049528_1842738128083820888_n.jpg
613733841_896570292716189_6703091845405290422_n.jpg
615088387_896570239382861_8904627731992208294_n.jpg
Алдыга
Артка
614678938_896570236049528_1842738128083820888_n.jpg
613733841_896570292716189_6703091845405290422_n.jpg
615088387_896570239382861_8904627731992208294_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yasar Dogu”-2026 турнири жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 7 медаль - 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.

Турнирдин жеңүүчүлөрү болуп 65 кг салмак категориясында Билол Шарип уулу жана 70 кг салмак категориясында Залкарбек Табалдиев аталды.

Күмүш медалга Осконбай Абдисаматов (65 кг) жана Малик Шаваев (86 кг) ээ болду.

Ал эми коло медаль ээлери - Баяман Керимбеков (57 кг), Рустамжан Кахаров (70 кг) жана Адилет Маратбаев (79 кг).

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү Яшар Догу, Вехби Эмре жана Хамит Каплан атындагы эл аралык күрөш турнири (Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan International Wrestling Tournament) Анталия шаарында 8-11-январь күндөрү өттү.