Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын ФИФА калысы Алимардон Байназаров жана ФИФА калысынын жардамчысы Исмаил Талипжанов Hyundai Cup 2026 эл аралык турниринин алкагындагы эки беттеште кызмат өтөштү.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, алгачкы оюн 4-августта Мьянманын Янгон шаарында Мьянма жана Лаостун курама командаларынын ортосунда өттү.
Экинчи беттеш 8-августта Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Малайзия менен Филиппиндин курама командаларынын ортосунда болду.
Кыргызстандык адистер аталган эл аралык беттештерде калыстык кызматын аткарышты.