Кыргызстандык 17 калыс ФИФАнын лицензиясын алды

Спорт 02 Февраль 2026 13:15
627480964_1359902242846829_7563632293828062288_n.jpg
627373808_1359902229513497_6944895973796280699_n.jpg
626806034_1359902209513499_9072440568347455477_n.jpg
627357921_1359902152846838_7126981657345187646_n.jpg
627357324_1359902202846833_4589118998860094173_n.jpg
627342531_1359902189513501_2157016414998843873_n.jpg
627346390_1359902199513500_1251800059059893346_n.jpg
627378568_1359902196180167_8871732433632657575_n.jpg
627497244_1359902192846834_3307946229959589852_n.jpg
627342531_1359902206180166_4375638738911196599_n.jpg
627409186_1359902132846840_1876690405638367863_n.jpg
626643644_1359902056180181_3289597058520285701_n.jpg
626893145_1359902002846853_249160634332180080_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 2026-жылдагы тизмесине кирген кыргызстандык калыстарга жана алардын жардамчыларына ФИФА лицензияларын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Биримдиктен билдиришкендей, бул тизмеге Кыргызстандан жалпы 17 адис кирди. Эми алар өлкө намысын коргоп, эл аралык деңгээлдеги мелдештерде калыстык кылышат.

Жолугушуунун алкагында Медербек Сыдыков Түркиянын Анталия шаарында өтө турган окуу-машыгуу жыйынына аттанып жаткан калыстар менен да баарлашты. Башкы катчы катышуучуларга ийгилик каалап, бул жыйын калыстардын кесипкөйлүгүн арттырууда чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Окуу-машыгуу жыйыны 2-февралдан 18-февралга чейин созулат. Ага жалпы 18 калыс, 24 калыс жардамчысы, Кыргыз футбол биримдигинен 7 жана Азия футбол конфедерациясынан (АФК) 1 инструктор, ошондой эле медициналык кызматкерлер катышат.

Бул машыгуулар калыстардын физикалык даярдыгын жогорулатууга, теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана эл аралык стандарттарга ылайык тажрыйба алмашуусуна багытталган.