Кыргызстандан Кышкы Олимпиада оюндарына 2 спортчу катышат

Спорт 02 Февраль 2026 17:21
1.jpg
626640736_913095757730309_6504504974587513174_n.jpg
626657848_913095811063637_3916809243219431012_n.jpg
626803806_913095797730305_8413805525045398416_n.jpg
626810083_913095661063652_1612096931027475549_n.jpg
626820362_913095627730322_7285770790165394250_n.jpg
627395581_913095601063658_9042780961125376265_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Кыргызстандан XXV Кышкы Олимпиада оюндарына 2 спортчу катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар улуттук курама команданын мүчөлөрү Тимур Шакиров (тоо лыжасы) жана Артур Сапарбековдор (лыжа жарышы).

Бүгүн Олимпиада оюндарына катышуучу спортчуларды узатуу иш-чарасы өтүп, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев жана машыктыруучулар катышты.

Иш-чаранын алкагында Казыбек Молдажиев Артур Сапарбековго Кыргызстандын мамлекеттик туусун тапшырып, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, XXV Кышкы Олимпиада оюндары 6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.

Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.

Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.