Кыргызстандагы текстиль компаниясы Европа рыногуна чыгууну пландоодо

Экономика
WhatsApp Image 2026-11-05 at 15.22.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 15.22.25.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-11-05 at 15.22.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 15.22.25.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. “Куул групп” компаниясы Европанын рыногуна чыгууну жана келечекте өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн катарына кошулууну максат кылууда. Бул тууралуу компаниянын өкүлү Самат Зарылов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы рынокторго чыгуу үчүн ишкана өндүрүш иштерин жакшыртып, эл аралык сапат талаптарын киргизип жатат. Бул багытта Индиядан келген чет элдик адистердин катышуусунда өткөн экспорттук акселератор программасы чоң жардам берген.

“Биз продукциябызды чет өлкөлөргө, айрыкча Европа рыногуна чыгаруу боюнча жигердүү иштеп жатабыз. Экспорттук акселератор бул багытта бизге чоң жардам берди. Индиядан келген адистер менен иштешип, окуунун алгачкы күндөрүнөн тартып эле алган тажрыйбабызды өндүрүшкө колдоно баштадык”, — деди Самат Зарылов.

Ошондой эле компания учурда REACH жана OEKO-TEX эл аралык сертификаттарын алуунун үстүндө иштеп жатат. Мындан тышкары, өндүрүштү текшерүү жана баалоо боюнча эл аралык талаптарды үйрөнүп, аларды ишке киргизүүгө даярданууда.

Зарыловдун маалыматына караганда, компаниянын Чүй облусунун Манас айылында жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эки ири өндүрүш жайы бар. Анда жалпысынан 400гө жакын адам эмгектенет.

“Биздин негизги максатыбыз — компанияны өнүктүрүп, келечекте өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн бири болуу. Мындай долбоорлорду ишке ашырып, колдоо көрсөткөнү үчүн мамлекетке ыраазычылык билдиребиз. Биз дагы өнүгүп, өлкөнүн экономикасына салым кошууга аракет кылабыз”, — деп белгиледи ал.