Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Өлкөдөгү бардык кибер кылмыштардын 90 пайызын кибер алдамчылык түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык илимий конференцияда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлү Чолпон Назаркулова билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк киберкылмыштар IT-технологиялар тармагында атайын билими бар хакерлер же кибер кылмышкерлер тарабынан акча табуу максатында жасалат.
“Алдамчылыктан башка кибер кылмыштар катталганы менен алардын көрсөткүчтөрү анча жогору эмес. Кыргызстанда кибер кылмыштуулуктун өсүшүнө байланыштуу өткөн жылы Ички иштер министрлигинде өзүнчө алтынчы башкармалык түзүлгөн. Өлкө аймагында өткөн жылы 36 миңден ашык кибер кылмыштар катталса, анын 25 пайызын алдамчылык түзөт. Башкача айтканда, өлкөдөгү ар бир төртүнчү кылмышты алдамчылык деп айтсак болот. Андан жогорку 39 пайыз көрсөткүчтө бир гана уурулук кылмышы турат”,- деди Назаркулова.
Ошондой эле ал 11 айдын ичинде Бишкек шаарынын аймагында 1 миң 800 алдамчылык же кибер кылмыш катталып, анын 1 миң 400 учуру кылмыш ишин козгоодон баш тартышканын маалымдады.

"Негизи эксперттердин пикиринде, кибер алдамчылардан жабыркагандардын 15 пайызы гана укук коргоо органдарына кайрылышат. Кибер кылмышкерлер тууралуу айтсак, алар кылмышка даярданууда биринчиден коомдо эмне болуп жатканын саясий абалдан тартып, аба ырайына чейин изилдешет. Изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин потенциалдуу тараптарга карата аракеттерди көрө башташат. Мында алар дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун биздин жарандар кимдерге ишенерин, кимден корко турганын билип, алардын атын жамынып алдамчылык кылышат. Анткени, кибер кылмыш - бул чек арасыз, чек араны тааныбаган кылмыш”, - деди ал.

Белгилей кетсек, интернет алдамчылар көбүнчө төмөнкүдөй схемаларды колдоноору айтылды:
- банктан чалуу;
- УКМК, ИИМден чалуулар;
- дарылоого каражат топтоо;
- тааныштардын билдирүүсү;
- арзан буюмдар;
- батирлерди ижарага алуу;
- утуулар жана лотореялар.

ИИМдин өкүлү интернет же телефон алдамчыларынын тузагына түшүп калбаш үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертти:
- эч кандай маалымат бербеңиз;
- жакындарыңызга чалыңыз;
- текшерүүчү суроолорду бериңиз;
- күмөндүү шилтемелерди ачпаңыз;
- акча которбоңуз;
- банк менен байланышыңыз;
- булактарды текшериңиз.

Ошондой эле статистика боюнча социалдык тармактардын ичинен биринчи WhatsApp менен Telegram, экинчи Instagram, Facebook, үчүнчү орунда Лалафо жана төртүнчү болуп криптовалюта алдамчылыктын негизги инструменттери катары колдонулаары кошумчаланды.
Эскерте кетсек, күн мурун Бишкекте Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын окумуштууларынын, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Киберкоопсуздук: уюштуруучулук-укуктук маселелер, эл аралык жана улуттук стандарттар, көйгөйлөр, коркунучтар, чакырыктар жана алардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна тийгизген таасири” аталган эл аралык илимий- конференция өттү.