Кыргызстанда жыл башынан бери ИДП 10,8% өстү

Экономика 15 октябрь 2026 11:25
Кыргызстанда жыл башынан бери ИДП 10,8% өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмүнүн олуттуу өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ИДП 1 трлн 640,9 млрд сомду түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8%га өскөн.