Кыргызстанда жумушчу күч жетишпей жатат. Адистер эмне дейт?

Коом Загрузка... 14 Апрель 2025 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Акыркы жылдары чет мамлекеттерге жумуш издеп кеткен мигранттардын саны өсүп, бул көрүнүш өлкөнүн экономикасына чоң таасирин тийгизип келет. Кыргыз жарандары негизинен Россия, Казакстан, Түркия, Корея жана Европа өлкөлөрүндө эмгектенишет. Алар жөнөткөн акчалай каражаттар өлкө экономикасында маанилүү ролду ойногону менен, бул көрүнүш өлкөдөгү эмгек ресурстарынын сыртка агылып кетишине алып келүүдө.

Алсак, соңку жылдары мамлекетибизде завод, фабрикага, маданий мекемелер байма-бай салынып жатса, айрымдары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мындан сырткары, өлкөнүн ар бир аймагында жол инфрастуруктуралары оңдолууда. Муну менен катар завод фабрикалар ишке кирип, Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жайы да жанданып, өлкө экспорт жаатында да иш алып бара баштады. Жогоруда аталган тармактар сөзсүз түрдө, жумушчу күчтү талап кылат.

Өлкөдөгү курулуш бул бирден-бир гана бөлүгү. Мындан сырткары, борбор каалабызга жана өлкөнүн айрым аймактарына дээрлик ай сайын автобустар алып келинип жатат. “Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы” белгилегендей, бул автобустарга да кесипкөй, тажрыйбалуу айдоочулар учурда жетишсиз.

Эмгек социалдык, камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетованын айтымында, Эмгек социалдык, камсыздоо жана миграция министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги жана Улуттук статистика комитети менен биргеликте “Квалификациялуу жумушчу күчүнө болгон суроо-талапты талдоо жана болжолдоо методологиясы” үч жылда бир изилденет.

“Мына ошол методология быйыл март айында изилденди. Республиканын ар бир облусу боюнча, квалификациялуу жумушчу күчүнө суроо - талапты талдоо жана болжолдоо методологиясына ылайык, эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге анализ жүргүзүүдө 4 миң ишкана сурамжыланып, жыйынтыгында жумушчу күчкө суроо-талап көп болуп жатканы далилденди. Бүгүнкү күндө, өлкөдө тикмечи, электросварщик, ашпозчу, айдоочу, курулушчу, көтөрүүчү жана транспорттук машиналардын оператору, жыгач уста жана эмерек өндүрүшүнүн адиси, тиричилик техникаларын жана жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча адис, ун комбинатынын, дан азыктарын өндүрүүнүн адиси, Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча операторлорго суроо-талап болуп жатканы аныкталды”, -деди ал.

Мукамбетова белгилегендей, өз кезегинде акыркы мезгилде мамлекет жана министрлик тарабынан мигранттардын өз мекенине кайтып келип, туруктуу ишке орношуп, ишкердик менен алектенүүсү үчүн бир катар шарттар түзүлүүдө. Бул аракеттер эмгек миграциясын ички ресурстар менен тең салмактап, өлкө ичиндеги экономикалык потенциалды көтөрүүгө багытталган.

Алсак, 2025-жылдын 1-апрель айына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылган жарандардын саны 39 миң 260 адамды түзгөн. Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча кеңештерди 28 миң 282 адам алган.

Учурда Кесиптик багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иш алып барууда. Министрликтин кесипке багыт берүү борборлору жана аймактык бөлүмдөрү сапаттуу консультациялык кызматтарды көрсөтөт. Студенттерге жана жумушсуздарга кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жана өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшөт.

“Отчеттук мезгилде 22 миң 78 жаранга кеп кеңештер берилди. Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, 2025-жылдын 1-апрелине карата иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 21 миң 64 адам жөнөтүлгөн.

Жумушсуз жарандарды окутуу, негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Алар – компьютер оператору, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С билими бар бухгалтери, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехник, аары багуучулук”,-деди ал.

Тактап айтканда, мамлекеттик колдоо жана долбоорлор мигранттар үчүн төмөнкүдөй ыңгайлуу шарттарды түзүүдө:

- Жеңилдетилген насыялар жана гранттар: Аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн мигранттарга багытталган финансылык программалар аркылуу чакан жана орто бизнести колдоо жүрүп жатат;

- Кесиптик кайра даярдоо жана окутуу: Миграциядан кайткандар үчүн ар кандай кесиптер боюнча акысыз курстар уюштурулуп, аларды жумушка жайгаштырууга көмөк көрсөтүлүүдө;

- Аймактык өнүгүү программалары: Аймактарда өндүрүш, агрардык сектор жана кызмат көрсөтүү тармактарында жумуш орундарын түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.

Мигранттардын өз өлкөсүнө кайтып келип иштөөсүнө шарт түзүү - бул өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам. Мамлекет бул жаатта туура саясат жүргүзүп, керектүү шарттарды түзсө, миграциянын терс таасирлери азайып, тескерисинче, экономиканын туруктуу өсүшүнө салым кошот.