Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды. Дыйкандарга күйүүчү май жана үрөн менен колдоо көрсөтүлүүдө

Коом Загрузка... 24 Февраль 2025 14:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Турат Идрисов билдирди.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 10.14.48 (1).jpeg

Анын айтымында, быйылкы жазгы талаа иштери аба ырайына байланыштуу былтыркы жылга салыштырмалуу эки жумага эрте башталды. Бүгүнкү күндө быйылкы жылдын жазгы талаа жумуштарын уюштуруу үчүн облустар, район, айыл аймактардын өкүлдөрү менен биргеликте жер-жерлерде штабдар түзүлүп, иш алып барууда.

“Негизинен быйылкы жазгы талаа иштерине даядыктар былтыркы жылга салыштырмалуу жакшы. Үрөндөр боюнча айтсак. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 90%га, жашылча-жемиштердин үрөнү 100%га даяр болуп калды. Быйыл сертификацияланган үрөнгө өзгөчө көңүл бурулууда. Которуштуруп айдоо мыйзамына ылайык, дыйкандар үрөндү 30% арзандатуу менен ала алышат. Муну райондук үрөн чарба ишканаларынан алууга болот.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 10.14.49 (1).jpeg

Мунун менен катар бүгүнкү күндө республиканын ар бир аймагында дыйкандар үчүн жер семирткичтер да жетиштүү өлчөмдө бар. 36 миң тонна жер семирткич дыйкандарга 22 сомдон 29 сомго чейин сатылып жатат”,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 10.14.49.jpeg

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө дыйкандар жазгы талаа иштерине керектүү көлөмдөгү күйүүчү-майлоочу майлар менен да камсыз болушат. Ал үчүн 42 миң 200 тонна дизель майы жана 12 миң тонна бензин керектелет.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 10.14.49 (3).jpeg

“Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, аталган көлөмдүн баары бар. Тагыраагы күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү өлчөмдө. Мындан сырткары, мамлекет тарабынан жеңилдиктер дагы жасалууда. Мамлекеттик материалдык резерв менен дыйкандарды быйылкы жазгы талаа иштеринде колдоо иретинде дизель майынын литрин 65 сомдон берип жатат”,-деп белгиледи ал.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 10.14.49 (2).jpeg

Белгилей кетсек, дыйкандарды колдоо максатында жеңилдетилген насыялар 5 жылдык мөөнөткө 6% менен берилүүдө. Ошондой эле агроөнөр жай насыялар долбоорунун алкагында дагы кошумча насыялар берилет. Айыл чарба тармагында учурда фермерлер тарабынан каржыланган "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоору ишке кирип, 4 млрд сомдон ашык каражат каралды.

Идирирсов кошумчалагандай, жеңилдиктер, күйүүчү май жана үрөн менен колдоо көрсөтүлгөндөн сырткары, дыйкандар үчүн жазгы таала иштерине даярдык боюнча атайын окутуулар да жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2025-02-24 at 10.14.48.jpeg

“Окуунун негизги себеби, “АгроДиалог” форумунун жүрүшүндө дыйкандар тарабынан агро техниканы туура колдонуу боюнча окууларды уюштуруп бериңиздер деген сунуш болгон. Дыйкандардын суроо-талаптарынын негизинде мамлекет тарабынан акысыз окутуулар уюштурулду. Жакында министрлик түзүмдүк бөлүм тарабынан республиканын түштүк аймактарында жазгы таала иштерине даярдык боюнча атайын окутуулар жүргүзүлдү. Окуунун жүрүшүндө дыйкандар, жерди кандай даярдоо керек, үрөндү кайдан алабыз, техникаларды кантип колдонобуз деген өңдүү суроолоруна жооп ала алышты. Бул окутуулар эми республиканын түндүк аймактарында уланат”,-деп кошумчалады ал.