Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзамдын долбоорун II жана III окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, бул өзгөртүүнүн башкы максаты тууралуу кеңири маалымат берди.
Төрага өз сөзүндө шайлоо күнүнүн өзгөрүшү добуш берүүчүлөрдүн жигердүүлүгүн арттыруу үчүн жасалган кадам экенин белгиледи.
"Урматтуу депутаттар, азыр эле сиздер менен бирге президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибине тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Эгерде буга чейинки мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын январь айынын акыркы жекшембисинде өтүшү керек болсо, азыркы киргизилген сунуш менен шайлоону январдын акыркы шаршембисинде өткөрүү чечимин колдодук. Бул кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында (шаршемби күнү) өтөт дегендик. Биздин негизги ниетибиз – элдин шайлоого келүүсүн шарттоо. Мисалы, шаардык кеңештердин шайлоосунда шайлоочулардын болгону 15 пайызы гана катышкан учурлар болот. Андан кийин шайлоого барбаган жарандар эле "көйгөйлөр чечилбей жатат" деп нааразы болушат. Дал ушул маселени чечүү үчүн шайлоону иш күнүнө белгилөө демилгеси колдоо тапты", – деп кошумчалады ал.
Төрага белгилегендей, эми бекитилген процедурага ылайык, кабыл алынган мыйзам долбоору өлкө башчысына кол коюуга жөнөтүлөт. Президент тарабынан кол коюлуп, расмий жарыялангандан кийин мыйзам өз күчүнө кирет.