Бишкек, 19.08.25./Кабар/. Кыргызстанда ондон ашык жатак абактары жоюлат. Бул тууралуу бүгүн брифингде юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып жатып билдирди.
Анын айтымында, түзөтүү мекемелери - бул түрмөлөр, ал эми колония-поселениелер - жатак абактары.
"Бирок, бул адамдардын жатак абактарга келип, каттоого туруусун токтотту. Андан кийин биз пробацияны киргиздик, ошентип эки система бири-бирин кайталап калды. Ошондой эле кадрлардын жетишсиздиги бар эле. Эми бул жатак абактары жоюлуп, бардыгы пробация системасына өтөт", - деди ал.
Министр белгилегендей, алгач беш жатак абагы, андан кийин дагы бешөө жоюлат.