Мамлекет башчысынын демилгеси жана министрлер кабинетинин токтомунун негизинде Кыргызстанда "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" долбоору ишке кирип жатат. Бул долбоор аркылуу жарандар акысыз билим алып, жогорку квалификациялуу IT адиси болуп чыгышат. Ошондой эле алар алган билиминин негизинде көрүнүктүү компанияларга ишке орношо алышат. Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматов "Кабар" агенттигине бул долбоор тууралуу кененирээк айтып берет.
"Мектеп 21" санариптик мектебинде кимдер окуй алат?
Маматовдун айтымында, "Мектеп 21" долбоору Россиянын "Сбер" ачык акционердик коомунун мектеби болуп эсептелет. 2024-жылы президент Садыр Жапаров аталган мекеменин башкы директору Герман Греф менен жолугушуусунда долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча макулдашылган. Президенттин тапшырмасы менен 2025-жылы алгачкы кадамдар жасалып, азыр бул долбоор Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

"Аталган окутуу платформасынан 18 жаштан жогорку жарандар IT тармагында билим алып, жогорку квалификациялуу IT инженерлери болуп чыгышат. Катардагы мектептерден айырмачылыгы анда мугалимдер болбойт. Жарандар ал аркылуу өз алдынча билим алып, peer-to-peer (бири-биринен үйрөнүү) системасы аркылуу окушат. Мектептин негизги максаты жарандардын IT тармагындагы квалификациясын жогорулатуу", - деди ал.
Мектеп Бишкек шаарында иш алып барат
Жетектөөчү адис белгилегендей, долбоорду ишке ашыруунун негизинде алгач мектептин жайгаша турган жери аныкталып, Бишкек шаарындагы №99 кесиптик лицейдин аймагынан колдонулбай турган эки имарат берилген.
"Учурда имараттарда Курулуш министрлигинин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Эки миң чарчы метрлик аянтта окуу корпусу жана миң чарчы метр аянтта жатаканасы жайгашат. Мектеп 7 күн, 24 саат иштегендиктен, аймактан келген жарандар жатакана менен камсыздалат", - деп кошумчалады ал.

"Долбоор негизинен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, Россия тарап мектептин ичиндеги компьютердик-техникалык жабдууларды каржылайт. Финансы министрлиги тарабынан каражаттар бөлүнүп берилген. Ал эми дизайн долбоорлоосу "Сбер" ААКсы тарабынан иштелип чыккан", - деди Маматов.
Мектепте билим алуунун шарттары
Жетектөөчү адистин айтымында, мектепке "бассейн" ыкмасы менен алгач 200 адам кабыл алынат. Аларга IT тармагындагы базалык тапшырмалар берилет, аларды аткара алган жарандар окууга өтүшөт. "Негизинен мектепте эң жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлөт. Себеби ал Россиядагы "Мектеп 21дин" шарттарына шайкеш келиши керек. Окуунун узактыгы 1 жылдан 1,5 жылга чейин созулат. Дагы бир айырмачылыгы "Сбер" компаниясынын Россиядагы мектептеринин көрсөткүчтөрүнө ылайык, аны аяктагандар 100% жогорку квалификацияны талап кылган, эң жогорку маяналуу жумуштарга кире алышкан", - деп белгиледи ал.
Мектеп качан иштеп баштайт?
Мындай мектеп Россиянын өзүнөн сырткары Өзбекстанда да ачылган. Бирок жакында гана ачылгандыктан, бүтүрүүчүлөр чыга элек.

"Ал эми биздин долбоордун курулушу уланууда. Каржылоосу чечилген. Азыр кадрлары дайындалууда. Анда окутуучулар болбогону менен мектептин директору, комьюнити менеджери, интернет менен камсыз кылып бере турган IT адистери болот. Алардын дагы айлык акылары чечилип берилген. Учурда эки тараптан кадрларды тандоо иштери жүрүүдө. Ал эми мектептин ачылышы июль айына мерчемделүүдө", - деди ал.
Белгилей кетсек, долбоор Россияда 2018-жылы негизделген. Учурда аталган өлкөдө мындай 22 санариптик мектеп иш алып барат.