Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Эл арасында ондогон жылдар бою лянга деп аталып келген оюндун байыркы кыргызча аталышы — тепүк. Бул тууралуу Кыргызстандын Лянга федерациясынын президенти Болотбек Марипов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындан миң жыл мурун XI кылымдын залкар окумуштуу-энциклопедисти Махмуд Кашгаринин "Диван лугат ат-турк" эмгегинде тепүк оюнунун негизин түзгөн мелдешүү ыкмалары майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлгөн.
"Махмуд Кашгари биздин улуу жердешибиз, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон аймагынын кулуну. Бул биз көнүп калган лянга оюнунун түпкү кыргызча аталышы бар экенин жана ал биздин чыныгы мурасыбыз экенин далилдейт. Биз расмий түрдө билдиребиз: Кыргызстан бул салттын түз тарыхый, географиялык жана моралдык мураскери болуп саналат. Биз бирөөнүн нерсесин алып жаткан жокпуз, өзүбүздүн баалуулугубузду кайтарып жатабыз", — деп белгиледи Болотбек Марипов.
Федерация президенти белгилегендей, тепүк сөзү түрк тектүү болуп, теп деген уңгудан келип чыккан. Бул оюн абдан кеңири таралган: Забайкалье жана Бурятиядан баштап, Тува, Хакасия жана Алтайга чейин ал тебек деген ат менен белгилүү. Кызыктуусу, Монголияда жана Түштүк Кореяда да оюндун аталышы айтылышы жана мааниси боюнча ушуга окшош.
Бул анын бүткүл Борбор Азиядагы жана Чыгыш Азиядагы терең тарыхый тамырын айгинелейт.