Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Shanghai Minghou Xufu Business Consulting Management Co., Ltd., Anté Lingkun (Shanghai) Technology Co., Ltd. компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар санариптештирүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана шаардык, социалдык инфраструктураны модернизациялоого багытталган конкреттүү инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде Токмок шаарынын аймагында ишке ашырууга мүмкүн болгон демилгелерди талкуулашты.
“Биз үчүн инвестициялык долбоорлор концепция деңгээлинде калбастан, практикалык ишке ашырууга өтүүсү өтө маанилүү. Кыргызстан конкреттүү натыйжа берген жаңы технологияларды, жумуш орундарын жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууну камсыз кылган өнөктөштүккө кызыкдар. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мыйзамдардын алкагында демилгелерди ишке ашырууга ар тараптуу институционалдык колдоо көрсөтүүгө даяр”- деп баса белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен кытай компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда инвестициялык жана технологиялык кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү биргелешкен долбоорлорду коштоп жүрүүгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Белгиленгендей, кытай делегациясынын Кыргызстанга болгон сапары 2026-жылдын январь айында Шанхай борбордук азиялык илимий-технологиялык жана соода-экономикалык форумунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы болду.