Бишкек 26.03.25 /Кабар/. Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн эки эсе тездеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнүн өзгөрүүсү жөнүндөгү санарип атласты талкуулоо учурунда белгилүү болду.
Спутниктен алынып атласка киргизилген маалыматтарга ылайык, 1960-2023-жылдар аралыгында Кыргызстанда жылдык орточо температура 1,2°Cге көтөрүлгөн, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүч болгон 0,6°Cга караганда эки эсе жогору деп табылганын ЮНЕПтин (БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы) Борбор Азия Субрегионалдык кеңсесинин башчысы Айдай Курманова билдирди.
Анын айтымында, жогоруда аталган маселе суу тартыштыгынын күчөшүнө жана жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келет жана бул көрсөткүч мындан да ылдам өсүшү мүмкүн.
"Температуранын жогорулашы менен дарыялардын агымы азайып, ошол эле учурда суу керектөө көлөмү өсөт. Андыктан климатка ылайыкташуу саясатын активдүү жүргүзүү зарылдыгы келип чыгат. Бул үчүн сугат сууларын пайдаланууну азайтуу, жайыттарды башкарууну жакшыртуу керек экендигин атластагы маалыматтар тастыктайт”, - дейт ал.
Курманова белгилегендей, өлкөдө электр энергиясынын 93%ы ГЭСтерде өндүрүлөт. Ал эми климаттын өзгөрүшү жаан-чачындын азайышына, кар катмарынын өзгөрүшүнө жана мөңгүлөрдүн эришине алып келип, жакынкы 30 жыл ичинде суу сактагычтарга кирүүчү суунун көлөмү да кескин төмөндөшү мүмкүн. Мисалы, Кыргызстандын негизги гидроэнергетикалык булагы болгон Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 2050-жылга чейин 18,8% азаят деп божомолдонот. Ал эми бул өз кезегинде электр энергиясын өндүрүүнү кыйындатат. Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү жаратылыш кырсыктарынын санын көбөйтүүдө.
Белгилей кетсек, өлкөдө жыл сайын орточо эсеп менен 200гө жакын өзгөчө кырдаал катталат, алардын 90%ы – сел, жер титирөө, көчкү, таш кулоо жана кар көчкүлөрү сыяктуу жаратылыш кырсыктары катталган. Бул апааттардан 2022-жылы 150гө жакын адам каза болгон, ал эми 2012-2018-жылдар аралыгындагы орточо жылдык экономикалык чыгым 27 миллион АКШ долларын түзгөн.