Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдан тарта экология чөйрөсүндө, өзгөчө таштандыларды кайра иштетүү жаатында масштабдуу реформалар башталды. “Биринчи радионун” эфиринде эксперттер таштандыларды ылгоо жана кайра иштетүү маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып беришти.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Калдыктарды жана саркынды сууларды туруктуу башкаруу башкармалыгынын башкы адиси Нурсултан Акматовдун айтымында, өлкөдө эки негизги мыйзам кабыл алынган: №181 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” жана №177 “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” мыйзамдары.
Биринчи этапта аталган мыйзамдар Ысык-Көл облусунда иштей баштады. Бул жерде текшерүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, элге альтернативдүү баштыктарды колдонуу зарылдыгы тууралуу маалымат берилүүдө. Кийинки кадам 2027-жылдын 1-январынан тартып, бүткүл өлкө боюнча пластик буюмдарга жана полимер пленкаларга толук тыюу салуу. Учурда бул чечимди ишке ашырууга кызуу даярдыктар көрүлүүдө.
Өз кезегинде география илимдеринин кандидаты Алмагүл Кендирбаева пластик таштанды көйгөйү бүткүл дүйнөдө актуалдуу экенин белгиледи. Ал Ганадагы эски компьютерлер жана гаджеттер ташталган электрондук таштандыны мисал катары келтирди. Ал жердин тургундары таштандыларды өрттөөдөн чыккан уулуу заттар менен дем алышат. Эң өкүнүчтүүсү ал жактагы калктын орточо жашы 30дан ашпайт.
Окумуштуунун айтымында, Кыргызстанда да таштандыларды сорттоо маселеси курч бойдон калууда. Пластик пакеттер көп учурда өрттөлүп, биз ошол түтүн менен дем алабыз. Таштанды бир формадан экинчи формага өткөндө деле ал коопсуз болуп калбайт.
"Нанопластик менен булгануу өтө кооптуу: анын бөлүкчөлөрү адамдын чачынан 80 эсе ичке. Организмге киргенде алар аны ууландырып, ден соолукка зыян келтирет”, — деп эскертти Кендирбаева.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, географ-эколог Жолдошбек Чунгулов элге пластиктин зыянын түшүндүрүү жана булгануудагы көйгөйдү тереңирээк билүүсү үчүн экологиялык программаларды өткөрүүнү сунуштады. Ал бул багытта билим берүү жана агартуу демилгелерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.