Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Кыргызстан 2026-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу беттештерин өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, беттештер ушул жылдын 16-24-сентябрда Бишкек шаарындагы КФБ спорткомплексинде, ал эми турнирдин тандоо этабына чүчү кулак кармоо аземи 26-июнунда өтөт.
Индонезияда өтө турчу финалдык баскычка жолдомо алуу үчүн жалпысынан 31 команда күрөшөт. Алар 8 топко бөлүнөт. Бул топтордун оюндары Таиланд, Кувейт, Тажикстан, Кыргызстан, Сауд Аравиясы, Мьянма, Малайзия жана Кытайда өтөт.
ФИФАнын рейтингине ылайык, Кыргызстандын Улуттук курама командасы экинчи топ жайгашкан.
1-топ: Иран, Таиланд, Япония, Өзбекстан, Вьетнам, Афганстан, Кувейт, Ирак;
2-топ: Тажикстан, Кыргызстан, Сауд Аравиясы, Австралия, Ливан, Мьянма, Түштүк Корея, Малайзия
3-топ: Кытай, Тайвань (Кытай Тайпейи), Бахрейн, БАЭ, Мальдивдер, Чыгыш Тимор, Монголия, Макао
4-топ: Гонконг, Бруней, Палестина, Камбоджа, Индия, Бангладеш, Пакистан
Эске сала кетсек, Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия биринчилигинин финалдык баскычтарында дайыма катышып келген. Болгону бир эле жолу – 2022-жылы команда финалга жолдомо ала алган эмес.