Кыргызстанда "Электрондук апостиль" системасы иштей баштады

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 13:00
using-wax-seal-for-g.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. 25-июндан тартып Бишкекте "Электрондук апостиль" автоматташтырылган маалыматтык системасы (АИС) пилоттук түрдө ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул бирдиктүү санариптик платформа документтерге апостиль коюу процессин толук онлайн форматта жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

АИС кызматтын толук циклин камтыйт: апостиль коюу үчүн арызды кабыл алуу, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын чын-төгүнүн текшерүү, электрондук "Апостиль" тамгасын түзүү, системага каттоо. Төлөмдөр "Е-Апостиль" АИСке туташтырылган онлайн-төлөм кызматтары аркылуу жүргүзүлөт.

"Электрондук апостиль" системасын киргизүү кызмат алууну кыйла ыңгайлуу кылып, иштин сапатын жогорулатат. Мында адамдык фактордун таасири толугу менен четтетилет. Апостильди келбестен кагаз документтерсиз аралыктан алууга болот.

"Кызматты бүгүндөн баштап каалаган түзмөктөн жана дүйнөнүн каалаган жерине https://apostille.minjust.gov.kg/ дареги аркылуу пайдаланууга мүмкүн", - деп айтылат маалыматты.

Белгиленгендей, Апостиль коюу Гаага конвенциясына мүчө болгон бардык өлкөлөрдө жеткиликтүү.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 0312 626210 (191), 0312 626210 (189), 0312 626210 (136).