Кыргызстанда чоңдорго билим берүү күнү белгилениши мүмкүн

Жогорку Кеңеш Загрузка... 22 Сентябрь 2025 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 22.09.25./Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин «Чоңдордун билим берүү күнүн бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун карап, жактырды.

Бул токтомдун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Эльдар Абакиров, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Азамат Исраилов, Айсулуу Мамашова, Гүлкан Молдобекова жана Жумабек Салымбеков.

Демилгечилердин бири, депутат Айсулуу Мамашова бул токтом долбоорунда 17-апрелди Чоңдордун билим берүү күнү катары белгилөө сунушталып жатканын билдирди.
Анын айтымында:

«Үзгүлтүксүз окуу – жөн гана жаңы тренд эмес, келечектеги норма. Адамдар жаш курагына карабастан, өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүшү керек», — деди ал.

Мындан тышкары, министрлер кабинети бул токтомдун алкагында жарандарыбыз үчүн тиешелүү иш-чараларды, семинарларды жана окутуу курстарын өткөрүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Айгүл Айдарова кесиптештеринен:

«Бул мыйзам долбооруна ылайык, чоңдорду ким окутат? Азыр балдарга мектептерде мугалим жетишпей жатканда чоңдорду кантип окутабыз?» — деп сурады.

Ошондой эле депутат Гүлсүнкан Жунушалиева өлкөдө Сабатсыздыкка каршы күрөш күнүн да белгилөө керектигин айтты.

«Мурда мындай чакырыктар болгон. Тарыхка көз чаптырсак, дал ушундай чакырыктар менен башталган», — деди ал.