Борбор Азия үчүн биргелешкен реабилитациялык борборлорду Кыргызстанда түзүү сунушталды

Борбор Азия Загрузка... 17 Декабрь 2025 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.12.25. /Кабар/. Регионалдык кызматташтыктын алкагында Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн биргелешкен реабилитациялык борборлорду түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламент жетекчилеринин үчүнчү жолугушуусунда сүйлөп жатып билдирди. Иш-чара «Адамдык кадыр-барк, социалдык адилеттүүлүк жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн кызматташтык» деген ураан алдында өттү.

Элчинин белгилешинче, Кыргызстан «Борбор Азия + Корея Республикасы» форматындагы кызматташууну региондо өз ара түшүнүшүүнү бекемдеген, аракеттерди шайкеш келтирген жана туруктуу өнүгүүнү илгерилеткен өз убагындагы жана маанилүү механизм катары баалайт.

Ал Корея Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн күндөн тартып достукка жана ишенимге негизделген байланыштар калыптанганын айтты. Анын сөзүнө караганда, бүгүнкү күндө өз ара кызыкчылык жараткан көптөгөн тармактарда тыгыз кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Элчи Чотоновдун пикиринде, жыйындын алкагында көтөрүлгөн адамдык кадыр-барк, социалдык адилеттүүлүк жана айлана-чөйрө маселелери саясаттын гана эмес, ар бир адамдын күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз тиешелүү түшүнүктөр болуп саналат. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө же географиялык жайгашуусуна карабастан, бул принциптер бардык мамлекеттер үчүн бирдей мааниге ээ.

Борбор Азияда эмгек миграциясы күч алып, миңдеген жарандар башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн шартта алардын укуктарын коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана татыктуу жашоо шарттарын түзүү жалпы региондук милдет катары каралууда. Элчинин айтымында, мындай маселелерди бир мамлекеттин өзү эле чечүүсү мүмкүн эмес, ошондуктан бирдиктүү стандарттарды киргизүү, маалымат алмашуу жана укуктук негиздерди өз ара шайкеш келтирүү зарыл.

Социалдык адилеттүүлүк темасы да чек ара тааныбайт. Жакырчылыкты азайтуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, балдардын укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарт түзүү — бул бардык өлкөлөр үчүн орток чакырык. Бул багытта тажрыйба алмашуу жана региондук кызматташтыкты кеңейтүү гана туруктуу натыйжа берери белгиленди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров айткандай, «мамлекеттин эң башкы байлыгы — анын эли». Ушул принципти жетекчиликке алуу менен Кыргызстанда акыркы жылдары «Келечекке инвестиция», «Бала береке», «Социалдык контракт», «Персоналдык ассистент», «Жаштар стажировкасы» сыяктуу социалдык программалар ишке ашырылып, инклюзивдүү социалдык коргоо системасын калыптандырууга багытталган чаралар көрүлүүдө.

Быйыл Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы кабыл алынып, анда адамдык капиталды өнүктүрүү, инклюзивдүүлүктү кеңейтүү жана туруктуулукту бекемдөө башкы артыкчылык катары аныкталган.

Үй-бүлө коомдун негизи экени белгиленип, бекем жана бактылуу үй-бүлөлөр социалдык туруктуулуктун өзөгүн түзөрү айтылды. Ушуга байланыштуу бул багытта кызматташтыкты күчөтүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылдыгы айтылды.

Кыргызстан жаратылышынын өзгөчөлүгү, тоолуу аймактары, Ысык-Көлү жана таза экологиясы менен реабилитациялык жана калыбына келтирүү кызматтарын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарга ээ болгондуктан, регионалдык кызматташтыктын алкагында өлкөдө Борбор Азия мамлекеттеринен келген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн биргелешкен реабилитациялык борборлорду түзүү максатка ылайык экени белгиленди.

Элчи мындай борборлор бүткүл региондун жарандарына кызмат көрсөтүп, социалдык интеграцияны чыңдоого жана өз ара колдоону бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. Кыргыз Республикасы мындан ары да бул багытта ырааттуу иш алып барып, бардык кызыкдар өлкөлөр жана өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу, көп векторлуу кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда элчи Кыргызстан ачык диалогго, өз ара урматтоого жана конструктивдүү өнөктөштүккө берилгендигин дагы бир ирет ырастады.