Кыргызстанда бизнести каржылоонун жаңы механизмдери киргизилет

Экономика 8 октябрь 2026 13:45
841083411_3260253970986363_6667103435367725264_n.jpg
839531766_28773047195639926_6482782270997997984_n.jpg
Алдыга
Артка
841083411_3260253970986363_6667103435367725264_n.jpg
839531766_28773047195639926_6482782270997997984_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов менен Дүйнөлүк банк тобунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.

Документке ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги менен Дүйнөлүк банк тобу альтернативдүү инвестициялоо — жаңы инвестициялык механизмдер аркылуу бизнес үчүн каражат тартуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт.

Кызматташтык жеке секторду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, бизнес жана инвесторлор үчүн кыйла түшүнүктүү шарттарды түзүүгө, ошондой эле ишканаларды, стартаптарды жана инновациялык долбоорлорду каржылоонун укуктук негизин калыптандырууга багытталган.

Келишимдин алкагында альтернативдүү инвестициялоо жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Өз ара аракеттенүү каржылоонун жаңы механизмдерин иш жүзүндө колдонуу үчүн зарыл болгон эрежелерди иштеп чыгууда эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүүнү камтыйт.

Кызматташтыктын дагы бир багыты өнөктөштөрдүн ресурстарын бириктирүү жана эл аралык капиталды тартуу үчүн өнүктүрүү инструменттерин пайдалануу боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу болот. Биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө жана кызыкдар инвесторлордун катышуу шарттарына өзгөчө көңүл бурулат.