Кыргызстанда алгачкы жолу Ага Хан атындагы архитектура боюнча сыйлык ыйгарылат

Коом 15 сентябрь 2025 10:40
b6836dc015184c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
e6058d7731d040.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
b6836dc015184c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
e6058d7731d040.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу абройлуу Ага Хан атындагы архитектура боюнча сыйлык тапшыруу аземи өтөт.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара Кыргыз Республикасынын жана Ага Хан фондунун тең төрагалыгы астында өтүп жатат жана ага дүйнөнүн төрт бурчунан 150дөн ашык расмий өкүлдөр, архитекторлор жана окумуштуулар катышат.

Маалым болгондой, кечээ, 14-сентябрда Ага Хан фондунун өкүлдөрү: ханзаада Рахим Ага Хан V, ханзаада Алы Мухаммад Ага Хан, ханзаада Хусейн Ага Хан жана ханбийке Фарин Ага Хан келишти.

Ардактуу конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Жантелиев жана Бакай Турдугуловдор тосуп алышты.