Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек жана Чүй облусундагы 17 курулуш объектисин текшерип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө курулуш нормаларынын жана ченемдеринин, техникалык жана эмгек коопсуздугунун талаптарынын сакталышы, ошондой эле курулуш аймактарынын талапка ылайык уюштурулушу каралды.
Эскертүү берилген объектилердин арасында Бишкектеги жана Чүй облусундагы көп кабаттуу турак жайлар, турак жай комплекстери, административдик имараттар жана башка курулуштар бар.
Департамент кемчиликтердин жоюлушун көзөмөлгө алат. Талаптарды бузган объектилерге мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.