Кыргызстанда асыл тукум малды каттоо санариптештирилет

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Январь 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-01-26 at 11.51.39.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Кыргызстанда асыл тукум малды каттоо системасын санариптештирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин бүгүнкү жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин асыл тукум малга күбөлүктөр кагаз түрүндө берилсе, эми электрондук түргө өткөрүү пландалууда.

“Жер-жерлерде асыл тукум чарбаларга кирүүнү каалаган чарбалардын бардыгы өздөрүнүн арыздарын электрондук түрдө беришет. Ошонун негизинде аларга асыл тукум чарба макамын берүү маселеси каралат”, - деп белгиледи ал.

Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова эттин баасынын күндөн-күнгө өсүп жатканына тынчсыздануу менен белгилеп, министрлик тарабынан жүргүзүп жаткан саясат эт азыктарынын баасына жана калкты эт менен камсыздоого тийиштүүбү деген суроо узатты.

Өз кезегинде министрдин орун басары сандык көрсөткүчтөрдөн сапаттык көрсөткүчтөргө өтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

“Мал чарба багытындагы биринчи максат сандан-сапатка өтүү. Асыл тукум менен иштеген чарбалар көбөйсө, малдын туягы азайып, сапаттуулугу жогорулайт. Жылдан-жылга жайыттардын деградациясы күчөп жатат. Асыл тукум чарбалардын санын көбөйтүү жалпы малдын санын кыскартууга, бирок малдын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Асыл тукум менен иштеген чарбалар үчүн мамлекеттик колдоо чаралары каралган, анын ичинде жеңилдетилген каржылоо бар. Тактап айтканда, ири мүйүздүү мал өстүрүү үчүн жылдык 3 пайыздык насыя берилип жатат”, - деди Керималиев.

Ошондой эле ал Чүй облусунда жана Бишкек шаарынын аймагында эт менен камсыздоо боюнча өзүнчө программа түзүлүп жатканын кошумчалады. Эттин баасынын өсүшүн кармоо максатында малды бордоп семиртүүчү ишканалар үчүн жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилгенин билдирди.

“Азыркы учурда эттин баасы кымбаттап кеткенине байланыштуу жер-жерлерде социалдык эт сатуучу түйүндөрдү даярдап, бааны туруктуу кармап туруу аракетин көрүүдөбүз. Бирок, Бишкек, Ош жана Манас шаарларында эттин баасынын көтөрүлүшү шаар тургундары үчүн кыйын болуп жатат. Биз аны да карап жатабыз. Алсак, “Кыргыз Агрохолдинг”ААКсы бар, алар да жеткиликтүү баа менен башка жактардан эт алдырып келип берип, сатуу маселесин жүргүзүп жатабыз. "Ош", Орто-Сай базарларындагы рейддерге өзүм да чыктым. Атайын эт сатуучу күркөлөр уюштурулуп, сатылып жатат. Биз дем алыш күндөрү байма-бай жарманкелерди өткөрүп жатабыз”, - деп кошумчалады министрдин орун басары.