Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Азыркы мезгилде Баткен, Ош жана Нарын облустарында жаңы өзгөчө корголуучу аймактарды түзүү боюнча иштер жасалууда. Анын ичинде “Арпа” “Алай” жана “Аркар” жаратылыш коруктарын ишке киргизүү планы бар. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев "Кыргызстандын суулары, тоолору жана мөңгүлөрү, туруктуу келечек" аталышындагы эл аралык конференциясында билдирди.
“Кыргызстан тоолуу өлкө келип, анын аймагынын 94%дан ашыгын тоолор түзөт. Тоолор - бул жөн гана география эмес, ал биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз жана иденттүүлүгүз болуп саналат. Анда 2 миңден ашуун өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү бар жана бул байлыктардын көпчүлүгү уникалдуу келип, коргоону талап кылат.
Ошондой эле биздин тоолор Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн коопсуздуктун негизги булагы болуп саналат. Өлкө өткөн жылы мөңгүлөрдү өзгөчө корголуучу табигый аймактардын катарына киргизген мыйзамды кабыл алуу менен чечкиндүү кадамдарды жасады. Ал экологиялык коопсуздукту жана суу ресурстарынын коопсуздугун бекемдөөгө дагы негизги кадам болуп саналат жана бүтүндөй аймак үчүн үлгү боло алат”,-деп билдирди ал.