Кыргызстанда аркар жана тоо текени эл аралык саноо жүргүзүлүүдө

Экология 10 Декабрь 2025 16:50
597603694_849771051009359_2521480132640263714_n.jpg
597607550_849771111009353_3171522106157536019_n.jpg
597650576_849771357675995_3539115872509824357_n.jpg
597668539_849771167676014_6764627208109348809_n.jpg
597873442_849771284342669_7703467269351875587_n.jpg
598347500_849771297676001_8574559839000657890_n.jpg
598352347_849771287676002_9117984632589916966_n.jpg
598421163_849771354342662_6716497056112030093_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана Эл аралык тоолор күнүнүн алдында аркар жана тоо текенин популяцияларына көз карандысыз эл аралык мониторинг жүргүзүлө башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Мориторинг КР Улуттук илимдер академиясы, Жаратылыш ресурстары министрлиги, президенттин аппаратына караштуу Кыргыз мамлекеттик мергенчилик чарбасы чет элдик адистер менен биргеликте Wild Sheep Foundation`дин каржылык колдоосу менен жүргүзүшүүдө.

Мониторинг Иссык-Көл облусунун Барскоон айылынан башталып, Үзөңгү-Кууш, Ак-Шыйрак жана Ыстык сыяктуу үч негизги аймакты камтыйт.

Мониторингдин биринчи күнүндө эксперттик топтор болжол менен 450-500 аркарды катташкан. Ошондой эле президенттин Аппаратына караштуу Кыргыз мамлекеттик мергенчилик чарбасына тиешелүү аймакта адистер болжол менен 900 архарды катташкан.

Мониторингдин негизги максаты – аркар жана чабар популяцияларынын абалы тууралуу маалыматтарды жаңылоо, алардын корголушун бекемдөө, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери арасында мамлекеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү жана илимий маалыматтарды алмашуу.

Иш-чара Борбор Азиядагы жапайы жаныбарларды эсепке алуу боюнча биргелешкен меморандумдун алкагында өткөрүлүп, ага Монголия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан окумуштуулар жана адистер кошулган.

Азыркы эсеп толугу менен көз карандысыз болуп, 16-декабрга чейин уланат.