Бир кылымдык тарых: Кыргызстанда аманат ишмердигинин 100 жылдыгы белгиленди

Президент Загрузка... 02 Июнь 2026 13:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Президент белгилегендей, бүгүн өлкөнүн бүтүндөй банк системасы үчүн маанилүү күн болуп турат.

"Бүгүн эки маанилүү окуяны — Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөө менен бирге “Элдик банктын” жаңы имаратын ачтык.

Бул бири-бирине төп келген эки окуя ары символикалуу, ары тарыхый мааниге ээ. Бүгүнкү күндө бир кылымдык жол арбыткан аманат ишмердигинин улантуучусу дал ушул “Элдик банк” болуп саналат.

1925-жылы Кыргызстанда аманат ишмердигинин негизи түптөлүп, ошол кездеги Фрунзе, Ош шаарларында жана Жаңы-Жол, азыркы Аксы районунда ачылган алгачкы мамлекеттик аманат кассаларында акча сактоо гана эмес, акча которуу, насыя сертификаттарын чыгаруу, баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү келишүү жаатында иш-аракеттер башталган.

Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында республикабыздагы сактык кассаларында кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрү сунушталып, акча сактоого чоң ишеним жаралганы жана элдин жашоо-турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланганы улуу муун өкүлдөрүнө жакшы маалым.

Ошол аманат кассаларынан баштап, көз карандысыз мамлекеттин заманбап, туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан банк системасына чейин Кыргызстандын аманат ишмердиги бир кылымдык узак жолду басып өттү.

Эгемендик жылдарында аты өзгөрүлгөнү менен, заты калып олтуруп, эки жыл мурун мына бүгүнкү “Элдик банк” ачык акционердик коому болуп, кайрадан тарыхый аталышын алды.

Мына ушундай, бир кылымдык сапардын артында биздин банк кызматкерлерибиздин бир нече муунунун эбегейсиз эмгеги, миллиондогон жарандардын ишеними, экономиканын өнүгүшү жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышы турат.

Мамлекетибиз банк системасынын өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштап жатат деп айтсак жаңылышпайбыз.

Каржы системасы узак мөөнөттүү инвестициялардын, технологиялык жаңылануунун жана туруктуу өсүштүн булагы болуп калган жаңы экономикалык моделди ырааттуу түрдө түзүп жаткандыгын баса белгилеп кетейин.

Бүгүнкү күндө санариптик трансформация мамлекеттик саясатыбыздын негизги артыкчылыктарынын бири жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Биздин өлкөбүз инновациялык экономиканы өнүктүрүү, каржы системасын модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана элибиз үчүн, бизнес үчүн заманбап каржылык сервистердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү курсун ырааттуу түрдө ишке ашырууда.

Кыргыз Республикасы санарип ыкмаларды киргизип, технологияларга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап каржылык системаны курууда. Биз накталай эмес төлөмдөрдү, мобилдик каржылык чечимдерди, электрондук мамлекеттик сервистерди, санарип идентификация системасын жана заманбап банктык технологияларды жигердүү өнүктүрүүнүн үстүндөбүз", - деди президент.