Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор ишке кирди

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 14:13
3vcs0hgdygmudzwqpen8y7i6anfepnk6.jpg
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. "Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу" долбоору ишке киришүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашырылууда жана 2024-жылдан 2030-жылга чейинки аралыкты камтыйт. Анын бюджети 50 млн долларды түзөт.

Долбоордун негизги багыттары:

Ключевые направления проекта:

  1. Абанын сапатын башкаруу тутумун бекемдөө

- булгануу көзөмөлдөө, анализдөө жана мониторинг жүргүзүүнүн заманбап тутумун түзүү.

2. Жылытуу үчүн экологиялык чечимдерди колдоо

- үй чарбалары үчүн жеткиликтүү таза жылытуу технологияларын киргизүү.

3. Шаардык жашылдандырууну жакшыртуу

- Бишкекте жашыл тилке түзүү, ирригациялык тутумдарды модернизациялоо жана жаңы бак-дарактарды отургузуу.

Долбоор кандай жыйынтык берет?
- абанын сапаты жакшырып, булганышы азаят;
- PM2.5 жана парник газдарынын булгануусун азайтат.
- экологиялык таза жылытууну өнүктүрүү.
- ыңгайлуу жана жашыл шаардык чөйрөнү түзүү.

"Долбоор өлкөнүн экологиялык туруктуулугун жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган", - деп билдирет Жаратылыш ресурстар министрлиги.