Кыргызстанда 2026-жылдан баштап кафе-ресторандар тейлөө үчүн акы албайт

Экономика Загрузка... 15 Октябрь 2025 16:30
1038606994_0_560_38.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. 2026-жылдан тарта Кыргызстанда кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Экономика жана соода министрлигинин Монополияга каршы саясат башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева билдирди.

Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатында 1-январдан тартып коомдук тамактануу жайлары үчүн жаңы токтом күчүнө кирет. Ага ылайык, мындай жайлар өз кардарлары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген шарттарды өз алдынча аныктоого укуктуу. Бирок, кызмат көрсөткөнү үчүн кошумча акы алууга тыюу салынат.

Тагыраак айтканда, тамакты берүү, сервировка же тейлөөчү персоналдын башка иш-аракеттери үчүн негизги буюртманын баасынан тышкары кошумча акы алууга жол берилбейт.

Акылай Кожомбердиева белгилегендей, бир дагы кафе же коомдук тамактануу жайлары тейлөө акысын албашы керек. Бардык коомдук тамактануу кызматтарынын наркы менюда, прейскурантта же заказ бергенге чейин керектөөчүгө жеткиликтүү болгон башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилиши керек. Акыркы төлөм жалпыга жеткиликтүү прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек.

«Бул маселе көтөрүлө баштаганда, кээ бирлери тамак-аштын баасы эми кымбаттайт деп коркутуп чыгышты. Бирок бүгүнкү күндө деле тамак-аш арзан эмес экенин унутпашыбыз керек. Ашпозчунун эмгеги жана башка чыгымдар буга чейин эле баага кошулган. Бизге "кызмат көрсөтүү үчүн алынган пайыздар менен официанттардын маянасы төлөнөт, салфетка, даарат кагазы сатып алынат" деп айтып жатышат. Бирок официанттарга айлык акыны жөнөкөй кардар эмес, иш берүүчү өзү төлөөгө тийиш», — деди Кожомбердиева.

Ал кошумчалагандай, эрежени сактабагандарга административдик жаза каралган.