Бишкек, 24.09.25./Кабар/. Бүгүн депутаттары Жогорку Кеңештин "17-апрелди жыл сайын белгиленүүчү Чоңдорго билим берүү күнү катары белгилөө жөнүндө" токтомунун долбоорун кабыл алышты.
Аталган токтомдун демилгечилери – ЖК депутаттары Жанарбек Акаев, Элдар Абакиров, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Азамат Исираилов, Айсулуу Мамашова, Гүлкан Молдобекова жана Жумабек Салымбековдор.
Депутат Элдар Абакиров бул токтом долбоору менен 17-апрелди Чоңдорго билим берүү күнү катары бекитүү сунушталып жатканын белгиледи. "Үзгүлтүксүз билим берүү – бул келечек. Адамдар жашына карабай окууга мүмкүнчүлүк алышы керек", - деди ал.