Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту

Президент Загрузка... 31 Март 2025 11:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 31-мартта, Худжанд шаарында Ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюу аземине катышты.

Мамлекет башчылары бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалы болуп, келечек муундарга саясий жетилгендиктин, боордоштуктун жана тарыхый жоопкерчиликтин үлгүсү болооруна ишенимин билдиришти.

Ратификациялык грамоталар эки өлкөнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдейт жана чек араны толук демаркациялоо, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзөт.