Ташкент, 25.02.25. /Кабар/. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын футбол федерациялары 2031-жылы өтүүчү Азия кубогун өткөрүүгө биргелешкен арыз беришти. Бул тууралуу Өзбекстандын футбол ассоциациясы билдирди.
Азия футбол конфедерациясы (АФК) континенттин негизги футбол турнирин уюштурууга талапкерлерди карай баштады. Акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрү футбол инфраструктурасын жигердүү өнүктүрүп, заманбап шарттарды түзүп, эл аралык беделин бекемдеп жатышат, деп айтылат маалыматта.
АФК Өзбекстан коңшу мамлекеттер менен биргеликте турнирди жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи. Ташкент, Наманган, Фергана жана Карши шаарларында стадиондор эл аралык стандартка ылайыкташтырылганы эске алынды.
Бул аймакта U-20, U-23 жаштар арасындагы турнирлерди жана футзал боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы, бул өлкөлөрдүн ири футболдук иш-чараны уюштурууга даярдыгы да кошумча артыкчылык экендиги айтылат.