Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартуу жана жеке секторду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен талкууланды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-октябрда агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын бул тармакты колдоо механизмдери каралды. Ошондой эле агенттиктин негизги иш багыттары жана учурда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, “Сужан” долбоорунун учурдагы абалы жана аны ишке ашыруунун кийинки этаптары талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнү улантуу макулдашылды