Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери Худжанд чебине барышты

Президент 3480 31 Март 2025 21:45
DOS_8042.jpg
DOS_8043.jpg
DOS_8044.jpg
DOS_8045.jpg
DOS_8047.jpg
DOS_8146.jpg
DOS_8159.jpg
DOS_8195.jpg
DOS_8292.jpg
DOS_8355.jpg
DOS_8370.jpg
DOS_8408.jpg
DOS_8551.jpg
DOS_8593.jpg
DOS_8926.jpg
DOS_8933.jpg
DST_1027.jpg
DST_1180.jpg
DST_1181.jpg
DOS_8042.jpg
DOS_8041.jpg
Алдыга
Артка
DOS_8042.jpg
DOS_8043.jpg
DOS_8044.jpg
DOS_8045.jpg
DOS_8047.jpg
DOS_8146.jpg
DOS_8159.jpg
DOS_8195.jpg
DOS_8292.jpg
DOS_8355.jpg
DOS_8370.jpg
DOS_8408.jpg
DOS_8551.jpg
DOS_8593.jpg
DOS_8926.jpg
DOS_8933.jpg
DST_1027.jpg
DST_1180.jpg
DST_1181.jpg
DOS_8042.jpg
DOS_8041.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Худжанд чебине барышып, анда бир катар маданий иш-чараларга, анын ичинде элдик кол өнөрчүлүктүн, айыл чарба азыктарынын жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүнө катышты.

Мамлекет башчыларынын салтанаттуу жолугушуусу чептин дарбазасынан башталды, аларды улуттук кийимчен кыздар тосуп алып, меймандостуктун белгиси катары нан жана балдан ооз тийгизди. Нооруз майрамына карата алар кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде ыр айтып беришти.

Сепилдин кире беришин чоң казандагы Нооруздун салттуу символу болгон сүмөлөк кооздоп турду. Президенттер чогулгандарды бул жаркын майрам менен куттуктап, майрамдык иш-чараларды баштап берди.

Андан соң мамлекет башчылары көргөзмө павильондоруна бет алышып, үч өлкөнүн экспозицияларын, ошондой эле фольклордук-этнографиялык жамааттардын аткарууларын көрүштү. Ал жактан нары алар Тажикстандын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлган элдик кол өнөрчүлүк аллеясына өтүштү.

Андан соң гид мамлекет башчыларын музейдеги экспонаттар, тажик элинин бай тарыхы жана маданияты менен тааныштырды. Музейди кыдыргандан кийин лидерлер улуттук тамактардын көргөзмөсүнө барышты.

Программанын соңунда чептин короосунда уюштурулган театралдаштырылган концерт көрсөтүлдү.