Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан парламент башчылары Өчпөс отко гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Май 2025 11:30
1017482307_0_0_5008_3336_1440x900_80_0_1_47518eeb8518984aae1b125cff8385bb.jpg.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстан Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин төрагасы Файзали Идизода жана Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко менен бирге Бишкек шаарында жайгашкан Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин эрдиктерин эскерүү менен курман болгондордун элесине таазим этишти.  Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Кошумчалай кетсек, 19-майда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы, ошондой эле Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын парламенттеринин башчылары катышат.