Чолпон-Ата, 27.06.25. /Кабар/. Кыргызстан офтальмология тармагында ийгиликтерге жетишип жатат. Бул тууралуу Ташкент педиатрия институтунун балдар офтальмологиясы кафедрасынын башчысы Ботир Бозруков Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгрессинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы өзгөрүүлөр жана өсүш башка өлкөлөрдөн келген адистер тарабынан да жогору бааланууда.
“Кыргызстандын офтальмология тармагындагы жетишкендиктери тууралуу көп нерсе айтууга болот. Конгресске катышып жаткан башка чет элдик кесиптештерим да бул боюнча жакшы пикирин билдирип жатышат. Айрыкча, “Дордой - офтальмик сервис” борборунун ишмердиги жана Асизбек Эшмамбетовдун бул тармакка кошкон салымы абдан чоң. Алдыңкы заманбап жабдуулар жетишкендиктердин бир көрүнүктүү мисалы”, — деди Бозруков.
Муну менен катар ал мындан ары да эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу аркылуу өлкөнүн офтальмология тармагындагы өнүгүүсү уланарына ишеним билдирди.