Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салды

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Февраль 2026 11:10
272300135_731057954916593_4285938841736640089_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (бажы транзитинин бажы жол-жобосу жана Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдан тышкары) минералдык жер семирткичтерди алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тыюу экспорттолууга тийиш болгон, мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана сапатына карата белгиленген талаптарга ылайык келбеген минералдык жер семирткичтерге карата колдонулбайт.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз алып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.