Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттик дипломатияны чыңдоону көздөйт

Жогорку Кеңеш 903 23 Февраль 2026 12:37
640828267_1229295592716994_5830951241145076279_n.jpg
639146257_1229295682716985_3417378060341899776_n.jpg
639570604_1229295702716983_4885289084633165498_n.jpg
640071516_1229295809383639_5827894381476385530_n.jpg
640263868_1229295706050316_3917851391749227660_n.jpg
640402596_1229295596050327_8047497108470899916_n.jpg
641328167_1229295599383660_7333044449096913882_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин айтты. Ал мамлекет башчыларынын ынак мамилеси жана өз ара сапарлар кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгиледи.

Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилесинде парламенттик дипломатиянын ролун белгилеп, КМШ ПАА жана ТүркПА алкагындагы биргелешкен иштер жемиштүү уланып жатканын айтты. Ошондой эле кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын иши тууралуу да учкай кеп кылып, алакаларды кеңейтүүдө аталган аянтчанын маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде элчи Саидикрам Ниязходжаев Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Өзбекстандын Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаеванын жана Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоиловдун жолдогон саламын жеткирди.

Андан сырткары, Өзбекстан Кыргызстандагы өнүгүүгө өзгөчө көңүл буруп, жетишкендиктерди кубаттаарын айткан Саидикрам Ниязходжаев элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы пландары менен бөлүштү.