Кыргызстан менен Япониянын парламенттер аралык байланышы талкууланды

Жогорку Кеңеш 1166 27 Январь 2026 12:50
1.jpg
619314972_1206580414988512_6664197156320730952_n.jpg
619394982_1206580328321854_5845980112459897496_n.jpg
619606810_1206580334988520_5665329172243767467_n.jpg
619671757_1206580331655187_1653304538020935575_n.jpg
622393038_1206580411655179_1153040989758331281_n.jpg
622460739_1206580431655177_6050976300492825615_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
619314972_1206580414988512_6664197156320730952_n.jpg
619394982_1206580328321854_5845980112459897496_n.jpg
619606810_1206580334988520_5665329172243767467_n.jpg
619671757_1206580331655187_1653304538020935575_n.jpg
622393038_1206580411655179_1153040989758331281_n.jpg
622460739_1206580431655177_6050976300492825615_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Япониянын жаңы элчиси Хирано Рюитини кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сөз болду.

"Сиздин дипломатия жаатындагы бай тажрыйбаңыз кыргыз-япон кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошот деп ишенем. Айрыкча Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) өлкөбүздөгү ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп, керектүү демилгелерибизди колдоого алууда. Андан тышкары, кыргызстандыктардын Японияда билимин улантуусуна да чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жыл сайын көптөгөн жаштарыбыз окууга жөнөтүлүүдө", – деди төрага.

Муну менен катар өткөн жылы "Япония + Борбор Азия" форматындагы өлкө жетекчилеринин жолугушуусу да жемиштүү болгонун эске салган Нурланбек Тургунбек уулу аталган саммитте жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артты.

Мындан сырткары, парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү багытында да алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилеген төрага мында депутаттык достук топторунун салымы чоң экенине токтолду.

Элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай кеп кылган Хирано Рюити парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Жолугушууда эки тараптуу жетишилген келишимдерди ратификациялоо жана парламенттер аралык расмий иш сапарларды уюштуруу тууралуу да сөз болду.