Кыргызстан менен Япония парламенттер аралык алакаларды кеңейтет

Жогорку Кеңеш Загрузка... 24 Февраль 2026 13:10
641523807_1230117109301509_761689831047995955_n.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюитини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага кыргыз парламенти Япониянын жаңы депутаттык корпусу менен калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантууга кызыкдар экендигин билдирди. Ал JICAнын инфраструктуралык долбоорлордогу колдоосун белгилеп, кыргыз-япон өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгын жана бул жаатта мүмкүнчүлүктөр чоң экенин айтты.

Муну менен катар, өткөн жылы президент Садыр Жапаровдун Японияга жасаган иш сапары жемиштүү болгонун эске салып, анда жетишилген макулдашуулардын маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу учкай кеп кылган Хирано Рюити парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки тараптуу иш сапарлардын маанилүү экенин белгилешип, ушул жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын Японияга расмий сапарын уюштуруу маселесин талкуулашты.

640272152_1230117222634831_5749437846603391831_n