Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, туруктуу өнүгүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багыттарындагы кыргыз-япон кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө көңүл критикалык мааниге ээ минералдар жаатындагы кызматташтык маселелерине бурулду. Анын алкагында тажрыйба алмашуу, технологиялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө маселелери каралды.
Ошондой эле тараптар кадрдык потенциалды өнүктүрүү, илимий-техникалык кызматташтык, парник газдарынын чыгарылышын кыскартуу жана Биргелешкен кредиттөө механизмин (JCM) ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана абанын булганышына каршы күрөшүүдө Япониянын алдыңкы тажрыйбасын жана заманбап технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, жаратылыш экосистемаларын сактоо жана экотуризмди өнүктүрүү маселелери боюнча да пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстары жана туруктуу өнүгүү багыттарындагы практикалык кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.