Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат

Билим 2483 07 Март 2025 09:00
480224999_1068963238610753_2352267504630708327_n.jpg
480688223_1068963241944086_2439863292790882557_n.jpg
481701196_1068963275277416_6590096256868822741_n.jpg
Алдыга
Артка
480224999_1068963238610753_2352267504630708327_n.jpg
480688223_1068963241944086_2439863292790882557_n.jpg
481701196_1068963275277416_6590096256868822741_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 6-7-марттагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Эки өлкөнүн билим берүү жаатында кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга КР билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана Вьетнамдын билим берүү жана кадрларды даярдоо министри Нгуен Ким Шон кол коюшту.

Документте студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун кызматташтыгы каралган.

Келишимди ишке ашыруу эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдейт, академиялык мобилдүүлүктү жогорулатат жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.