Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий сапары аяктады.
Визиттин алкагында минкаб башчысы Вьетнамдын президенти Лыонг Кыонг, премьер-министри Фам Минь Тинь, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин башкы катчысы То Лам, Улуттук жыйындын төрагасы Чан Тхань Ман менен жолугушту.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Ханой шаарындагы Вьетнамдын биринчи президенти Хо Ши Миндин мавзолейине жана курман болгон баатырлардын мемориалына гүл койду.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жана Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь өлкөнүн биринчи президенти Хо Ши Миндин үйүнө барышты.
Расмий визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Расмий визиттин алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Вьетнамдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар меморандумдарга кол коюлду.