Бишкек – Нячанг – Бишкек түз аба каттамы ачылды

Экономика 28 Февраль 2025 09:00
480785844_9218277098257716_3638608605116607914_n.jpg
480829220_9218277651590994_7520231946891034587_n.jpg
480917098_9218280828257343_1045258049179931465_n.jpg
480994237_9218277388257687_3769886167966071978_n.jpg
481122324_9218276761591083_8341551623710508652_n.jpg
481123781_9218280588257367_6893754042266017347_n.jpg
481224357_9218277211591038_4674073712605520494_n.jpg
481228509_9218281584923934_1506902911565521386_n.jpg
481264840_9218279681590791_5213025488557809746_n.jpg
481324870_9218280778257348_2463763055453519680_n.jpg
481444798_9218277048257721_730115040059847885_n.jpg
481446290_9218277234924369_2111930833240985881_n.jpg
481466676_9218281711590588_1917553946734953846_n.jpg
481571675_9218276738257752_6396044873423618884_n.jpg
481762974_9218277314924361_2776217272236732774_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. 27-февралдан тартып Бишкектен Вьетнамжын Нячанг шаарына түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нячанг – Бишкек каттамы жумасына 3 жолу аткарылат.

Каттамды "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы ишке ашырат. Бул каттам Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналат, анткени Нячанг өлкө борборунан биринчи түз эл аралык багыт болуп калды.

Каттам "Компас" туроператору менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, кыргызстандыктарга Вьетнамдын алдыңкы курорттук борборлорунун бирине түз учууга мүмкүнчүлүгүн берет.

Бишкек – Нячанг каттамынын ачылышы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, туристтик жана ишкердик сапарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы туристтик агымды жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

"Аэро Номад Эйрлайнс" Кыргызстандын жарандары үчүн жеткиликтүү, коопсуз жана ыңгайлуу авиакаттамдарды камсыздоо иштерин улантууда. Жаңы каттам – бул авиакомпаниянын эл аралык каттамдарын кеңейтүү гана эмес, өлкөнүн авиация инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы болуп саналат.

Белгилей кетчү нерсе, "Компас" туроператору менен кызматташкан "Аэро Номад Эйрлайнс" буга чейин Кыргызстан үчүн Бишкек – Пхукет" (Таиланд) жана "Бишкек – Фукуок" (Вьетнам) багыты боюнча авиакаттамдарды ачкан. Бул эл аралык авиакаттамдарын кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болгон.

2025-жылы компания Кыргызстандан дагы 3-5 жаңы туруктуу эл аралык каттамдарды ачууну максат кылууда.

Бишкек – Нячанг каттамы чартердик форматта ишке ашырылат. Турлар жана билеттер тууралуу толук маалыматты "Компас" туроператорунан алууга болот.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК авиакаттамдардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн тынымсыз жакшыртып, ишенимдүүлүктү, коопсуздукту жана улуттук авиация инфраструктурасынын өнүгүшүн камсыз кылууну улантууда.